• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткен жана Жалал-Абад облустарына медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт

21 Баш оона 2020 11:29 Бишкек Govori.TV

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин көңүлүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы көрүлүп жаткан чараларды күчтөндүрүүгө бурду.

«Аталган эки аймактагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Аталган облустарда ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жакшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын бардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоосу тийиш. Күз мезгилине карата өлкөдө медикаменттердин тийиштүү запасы болушу керек. Сиздердин алдыңыздарда ошондой эле калкты сапаттуу жана ыкчам эмдөө боюнча кампанияны жүргүзүү маселеси турат», — деди Өкмөт башчы.

Количество просмотров: 88