• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткен: Жасап жаткан тамагын таштай качкан тургундар мектепте жашап жатышат

6 Бугу 2021 20:03 Бишкек Govori.TV

Ок атышуу менен коштолгон жаңжалда жүздөгөн жарандар өз үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушкан.
Үй-жайын таштап качкан жарандардын 600дөн ашууну Баткен шаарында жайгашкан В.Ленин атындагы мектепке башкалкалоо үчун жайгаштырылган. Учурда алардын 150сү жашап жатат.

Эркектер гана калып аялдар кары картаңдар, балдар менен качып үлгүргөндөр учурда мектептин спорт залында жашап жатышат.

Күндөгүдөй үй тиричилиги менен алек болуп жаткан Көк-Таш айылынын тургуну Замира Нышанова жаңжал тууралуу маалыматты угуп коңшулары менен биргеликте айылдан чыгып кетүү аракетин көрүшкөн.

Дал ушул айылдын тургуну Ташбүбү Акмурзаева бийликтен чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнөт. Анткени кайсы убакта чыр чыгат, кайда качабыз деген ой алар менен чоогу жашайт.

Ал эми Ибадат Алиймова да ок атылып жатат деген маалыматты угуп бала-чакасын алып эл менен чыр чыккан айылын таштап чыгып кеткен. Ал мындай каргашалуу окуя болуп кетет деп ойлогон эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Баткен облусунун чек арага жакын аймактарынан 40 миңдей жаран коопсуз жерлерге көчүрүлгөн.

Количество просмотров: 133