• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Баткенде 11-класстын окуучусу асынып алды

31 Бугу 202218:03 Бишкек Govori.TV

Баткенде 18 жаштагы 11-класстын окуучусу өзү жашаган короодо асынып алды. Маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 27-майда таңкы саат 05:30 чамасында болгон. Кыздын жансыз денесин апасы тапкан.

Алдын ала маалымат боюнча, окуучу кыздын үйүндө же мектепте көйгөй болгон эмес. Аталган факт милицияга каттоого алынып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Ата-энеси сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Количество просмотров: 500