• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде 112 миң 899 жаран үйлөрүнө кайта баштады

27 Аяк оона 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын кол салуусунда Баткен облусунда жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен 18 миң 281 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 миң 839 жаран эвакуациялык пунктарда, 1 миң 701 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 301 жаран эвакуацияланган.

“112 миң 899 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады”, — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Количество просмотров: 70