• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткенде 123 миң 345 жаран туруктуу жашаган жайларына кайтып келишти

30 Аяк оона 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Баткен облус боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен 123 миң 345и туруктуу жашаган жайларына кайтып келишти.

Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 64 бөлмөлүү сегиз мекеме, 218 жеке жарандардын үйү даярдалган:

• Баткен району — 74 жеке жарандардын үйү;
• Кадамжай району — 25 бөлмөлүү үч мекеме, 33 жеке жарандардын үйү;
• Лейлек району — 86 жеке жарандардын үйү;
• Кызыл-Кыя шаары – 39 бөлмөлүү беш мекеме;
• Баткен шаары – 25 жеке жарандардын үйү кабыл алууга даяр.

Количество просмотров: 94