Баткенде акча салынган сейфти уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында 37 жаштагы тургундун үйүнө белгисиз адамдар кирип, 30 миң доллар (2 млн 679 миң сом) жана 1,2 млн сом салынган сейфти уурдап кетишкен (жалпы 3 млн 879 миң сом).
«Шектүү катары ошол эле айылдын 46 жаштагы М.А., 23 жаштагы А.Ж. жана 19 жаштагы Р.Ш. аттуу тургундары кармалган. Уурулук кылгандар акчанын аз бөлүгүн коротуп салган», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.