• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде 3 гектар жер мамлекетке кайтарылды

4 Бирдин айы 202510:26 Бишкек Govori.TV

 Баткен облусунда жалпы аянты 3 гектар жер тилкенин ээси өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы бул жер тилкеси 2018-жылы мыйзамдарды бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

УКМК мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда.

Количество просмотров: 170