Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
Бүгүн, Баткен облусунун аймагында күчү 4 балга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү Баткен районунун Бөжөй айылында жана Кадамжай районунун Өтүкчү айылында 4 балга жеткен. Ал эми Айдаркен шаарында, Кызыл-Коргон, Совет, Кара-Тумшук, Ормош айылдарында 3,5 балга чейин жеткен.
ӨКМ билдиргендей, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.