• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Баткенде 60 жаштагы жаран кайнисин атып өлтүрдү

3 Баш оона 2023 13:06 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда жер талашып жездеси кайнисин жана анын баласын атып салды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-августта саат 18:30 чамасында «102» кызматына Чаувай айылында жер талаштан улам эки адам октон жараат алганы, анын бири ошол жерде каза болгону маалымдалган.

«Жер талаштан улам чыр чыгып, шектүү 60 жаштагы Б.Б. мас абалда 49 жаштагы Т.Ш.ны жана анын уулу 22 жаштагы Т.К.ны белгисиз ок атуучу курал менен атып жиберген. 49 жаштагы Т.Ш. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон, ок анын сол жак колуна тийген. Ал эми анын уулу 22 жаштагы Т.К. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген, ок анын оң жак желкесине тийген»,-деп жазылат маалыматта.

Факты Кадамжай РИИБине катталып, шектүү Б.Б. Чаувай айылындагы өзү жашаган үйүнөн кармалып, бир даана ок атуучу сайсыз куралы беш огу менен тергөө кызматына камсыз болгон.

Маркум 49 жаштагы Т.Ш.га соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү Б.Б. убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Количество просмотров: 189