• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде аткезчилик менен ташылган жүк кармалды

9 Тогуздун айы 2021 16:54 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда милиция кызматкерлери тарабынан аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүктөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-октябрь күнү Баткен ОИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын аймагында коңшулаш Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып кирген кургатылган мөмө-жемиш, күрүч ташып бара жаткан оор жүк ташуучу автоунаалар кармалган.

Бул материал Жазык кодексинин 223-беренеси (экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Ошондой эле ушул эле жылдын 8-октябрь күнү Лейлек районунун Булак-Башы айылынан Бешкент айыл аймагына кеткен айланма жолдон Кулуңду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерген учурда, эч кандай документи жок 330 кутучага лимон жүктөп бара жаткандыгы белгилүү болду»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Лейлек РИИБне катталып, чогултулган материал бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 186