• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Баткенде баасы миллион турган күндөн заряд алуучу кубаттагычтар жоголду

26 Үчтүн айы 2020 12:48 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы 1 миллион 750 миң  сомдук  күндөн заряд алуучу кубаттагычтардын жоголгону аныкталып, териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу  Чек ара кызматынын маалымат катчысы Асылкерим Ажиев кабарлады.

Буга чейин аталган жабдыктар электр жарыгы өчкөндө радиостанцияларды кубаттоо үчүн колдонулуп келген. 2020-жылдын январь айында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин тапшырмасы менен аскер бөлүктөрдө жана бирикмелерде текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

«Башкы прокуратура  шектүүгө карата «Өткөрүлүп берилген мүлктү өз кызыкчылыгына пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү ишин баштады»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 94