• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткенде блогер милиция бөлүмчөсүнө унаа белек кылды 

16 Кулжа 2022 14:44 Бишкек Govori.TV

Кадамжай РИИБдин “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө Айдаркен шаарынын тургуну DESTE Official ютуб каналынын жетекчиси, жеке ишкер Калматова Гүлдесте кызматтык колдонуу үчүн ВАЗ2107 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Унааны тапшыруу учурунда Калматова Айдаркен аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу экендигин, ошондой эле өзгөчө кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү, сапаттуу, так аткаргандыгына ыраазы экендигин белгиледи.

Өз кезегинде, Кадамжай РИИБнин жетекчилиги тарабынан милицияга колдоо көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык каты тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, тоолуу аймакта жайгашкан “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсү Бирлик, Алга айыл аймактарын башкача айтканда, 27500 калктын коопсуздугун тейлейт.

Количество просмотров: 271