• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Баткенде чакан ГЭС ишке кирди

19 Баш оона 2022 9:19 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыштут айылында чакан ГЭС ишке кирди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

ГЭСтин ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

«Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10МВт болгон, сметалык баасы 7 млн долларды түзгөн ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер А.Калпаев тарабынан башталган. ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда 1-каскадтын 100% жумушу аяктады. Тактап айтканда 2 даана бассейн, 700м аралыктагы канал курулуп, 5 км аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң доллар жумшалган»,-деп айтылат маалыматта.

Ишке киргизүү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.

Количество просмотров: 141