• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Баткенде чек ара жаңжалында жараат алган бир адам каза болду

29 Чын куран 2021 19:00 Бишкек Govori.TV

Баткенде чек ара жаңжалында жараат алган бир адам каза болду. Бул тууралуу 29-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал адам Баткен облустук ооруканасына түшкөн.

Жалпысынан жараат алган кыргызстандыктардын саны 17ге жетти, алардын бири каза болду, бирөө үйдөн дарыланууда.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп маалымдады.

Количество просмотров: 79