Баткен районунун чек ара отрядынын келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери 8-ноябрда спорттук иш чаралардын жүрүшүндө коопсуздук эрежесин бузуудан улам каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө 1996-жылы туулган прапорщик Ы. уулу С., баш мээсинен оор жараат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болгон.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишкен.