УКМКнын Чек ара кызматынын аскери кызматтык милдетин аткарып жүрүп жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон. Коюлган тапшырманы аткарууда үч аскер кызматкери оор жүк ташуучу унаа менен жүк алып бара жатышкан. Жол кырсыгы Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда болгон.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу унааны башкара албай, унаа капталына оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында автоунаанын айдоочусу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер кызматкери ар кандай жаракат алып жергиликтүү ооруканага жеткирилген.
Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталды.