• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенде дайынсыз болуп жаткан жарандар Тажикстандан табылды

24 Чын куран 2021 17:01 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунун Бешкент айылында изделип жаткан эки жаран Тажикстандан табылып, Кыргызстанга өткөрүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки жигит менен чек арадан мыйзамсыз өткөн деген негизде коңшу өлкөдө кармалып турган дагы алты кыргызстандык бошотулган.

Эки жигиттин жана кармалып турган алты жарандын эмне себептен кармалганы белгисиз, учурда иликтенип жатат.

24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймактагы Эски Оочу айылынын эки тургуну үй салып жаткан жерде түнөшкөн эки жаран дайынсыз жоголгон. Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялап, бийликтен жардам сураган.

Количество просмотров: 117