• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Баткенде гумжардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлдү

21 Аяк оона 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги брифингде президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, гумжардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү иштерин уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү активисттерден жана волонтерлордон турган жумушчу топтор түзүлдү.

Анын айтымында, гуманитардык жардам төмөнкү алгоритм боюнча бөлүштүрүлөт:

  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү келип түшкөн жүктөрдү арыздын негизинде ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына беришет;
  • андан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топтору (акимдер, мэрлер) айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө гуманитардык жардам беришет;
  • жыйынтыктоочу этап: айыл өкмөтүнүн жумушчу топтору жеринде жарандарга тамак-аш жана эң керектүү буюмдарды бөлүштүрүшөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, активисттерден жана ыктыярчылардан турган жумушчу топтордун ишинин мындай принциби гуманитардык жардамды муктаж болгон бардык жарандарга бирдей жана даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылат.

«Гуманитардык жардамды бөлүштүргөндөн кийин ар бир жумушчу топ гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлгөн жери жана күнү, которулган жардамдын иш жүзүндөгү көлөмү жана бөлүштүрүлбөгөн гуманитардык жардамдын калган калдыктары жөнүндө маалыматтарды камтыган протокол түзөт. Гуманитардык жардамды өз убагында бөлүштүрүү боюнча иштерди сапаттуу уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын жетекчилери жооптуу.

Мындан тышкары, товарларды, анын ичинде тез бузулуучу азыктарды убактылуу сактоо үчүн арналган жайлар же участоктор жооп бериши керек болгон критерийлер белгиленген», — деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Баткен облусуна 1053 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Эске салсак, 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына кол салган.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн чыккынчылык менен пландалган аскердик басып кирүүсүнүн натыйжасында 59 адам мүрт кетип, 198и жарадар болгон.

Количество просмотров: 56