• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде иш таштаган жолчулардын айлык маянасы берилет

26 Теке 2018 15:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.07.2018.Govori.TV.
30-июлдан тарта Баткендеги иш таштаган жолчулардын айлык маянасы берилип баштайт. Бул туралуу бүгүн транспорт министирлигини пресс-катчысы Бегаим Канат кызы Govori.TV. агенттигине билдирди.
Анын билдирүүсүндө, жолчулар бир нече убакыттан бери жумуш акысын ала албай келишкен.
«Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн оңдоону Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 21 млн. доллар бөлүүнү убадалаган. Жол куруудагы тендерди Азербайжан өлкөсү утуп алганына байланыштуу акча каражаты Бакудан келмек. Бирок, кечиктирилгенине байланыштуу жумушчулар иш таштоого барышкан. Жакында бул маселе чечилет. Бөлүнгөн акча 28-июлда келип, 30-июлдан баштап маяналар  таратылып бериле баштайт »,- деди пресс-катчысы.
Эскерте кетсек, 2017- жылдын 11-майында Транспорт жана жол министрлиги менен  «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» Азербайжан компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18 млн. долларлык келишимге кол коюлган болчу.
Баткенде жол куруучу ишкананын 40тай жумушчусу иш таштаганын, бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткандыктан ушундай кадамга барганын “Азаттыкка” айдоочу Алыбек Пазылов 25-июлда билдирген.
Количество просмотров: 23