• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Баткенде издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

1 Теке 2022 9:24 Бишкек Govori.TV

Баткенде издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кайыңды айылынын 28 жаштагы А.К. аттуу тургуну 2021-жылдын май айынан бери издөөдө жүргөн.

«Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан «Адам сатуу» операциясынын негизинде, Баткен РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 28 жаштагы А.К. Бишкек шаарынын аймагынан жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен РИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 352