• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Баткенде калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат?

11 Тогуздун айы 2022 15:56 Бишкек Govori.TV

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Баткен облусу боюнча 661 турак үй жабыркагандыгы аныкталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп — түзөөгө муктаж.

Алар:

Баткен шаары — 21;

Баткен району — 454;

Лейлек району — 186.

«Учурда облус боюнча жашоого жараксыз жалпы 383 турак үй бузулуп тазаланды. Анын 355и ӨКМ тарабынан , жергиликтүү бийлик тарабынан 27 турак үй. Жалпы жумуштун көлөмү 107 132 м3 түзгөн. Бузула элек дагы 40 турак үй калды. Баткен району боюнча 281 турак үй бузулуп тазаланган. ӨКМ тарабынан 263, жергиликтүү бийлик тарабынан 18 турак үй. Көлөмү 90 362 м3 курулуш таштандылары чыгарылды. Ал эми Лейлек району боюнча 101 турак үй жараксыз абалга келген»,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМ тарабынан 92 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 9 турак үй бузулуп тазаланып, көлөмү 16 770 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.

Количество просмотров: 76