• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткенде массалык мушташтан төрт бала жабыркады

16 Чын куран 2021 15:06 Бишкек Govori.TV

Окуучулардын массалык мушташы боюнча окуянын териштирүү иштерин ыйгарым укуктуу өкүл көзөмөлгө алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 15-апрелде болжол менен саат 13.30дар чамасында болгон. Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуядан 4 окуучу жабыркап, Баткен облустук ооруканасына кайрылган. Алардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө ооруканага жаткырылган. Төртөөнүн тең абалы канааттандыраарлык.

«Облус жетекчиси бул окуя боюнча орун басары Эрлан Сапарбаевге атайын комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын дыкат иликтөөнү тапшырды. Ошондой мектеп окучуларынын арасында топтошуп мушташуу сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө, алдын алуу иш чараларын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 167