• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде мектептен өрт чыкты

22 Чын куран 20229:37 Бишкек Govori.TV

Баткенде мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабаралашты.

Маалыматта айтылгандай, Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» орто мектебинде өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт өчүрүүгө аймактагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, жалпы аянты 270 чарчы метрге жеткен өрт саат 03:35те чектөөгө алынып, таңкы саат 05:30да толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен мектептин 2 бөлмө, коридор, чатыры жана 2 класстык бөлмөсүнүн айрым жерлери күйгөн. Азыркы тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 194