• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Баткенде мектептен өрт чыкты

14 Бирдин айы 202217:08 Бишкек Govori.TV

Исфана шаарынын Самат айылындагы орто мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган.

«Өрт өчүрүчүүлөр жеткенге чейин мектеп жетекчилиги тарабынан окуучулар эвакуацияланып, тилсиз жоо чектөөгө алынган. Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок»,-деп айтылат маалыматта.

Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Количество просмотров: 210