• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде милиция күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү

16 Аяк оона 2022 11:56 Бишкек Govori.TV

Баткенде милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салуу багытында бардык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө.

«Андан сырткары, коопсуз аймактарда элди убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулгандыктан, Баткен ОИИБдин кызматкерлери чек арадагы атышууга байланыштуу Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарынын жана Төрт-Көчө участкасынын, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарынын тургундарын көчүрүүгө жардам беришип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Количество просмотров: 151