• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде окуучулардын ортосунда массалык мушташ орун алды (видео)

16 Чын куран 202112:38 Бишкек Govori.TV

Баткенде окуучулар арасында массалык мушташ катталды. Маалыматка ылайык, 3 окуучу жабыркаган.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Облустук милициядан учурда чырдын чоо-жайы такталып жаткандыгын жана бир аздан соң толук маалымат бериле тургандыгын кошумчалашты.

Алдын ала маалыматка караганда, мушташ Баткен районундагы Кара-Бак айылында чыккан.

Количество просмотров: 656