Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда тартылган куткаруучулар жана техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
«Жалпысынан ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыктын башчысы жетектеген ыкчам топ, 20 куткаруучу жана №13 ЖТИден 4 грейдер, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, жеке компаниядан 1 жүктөгүч тартылган», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 2-май күнү, саат 18:30дар чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 10 турак үйдүн огороддоруна, “Арча-Бешик” бала бакчасынын жер төөлөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел суулары каптаган.