• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде Төрт-Көчө жолу ачылды

30 Чын куран 2021 21:28 Бишкек Govori.TV

Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Ага ылайык, Баткенде абал турукташып жатканы, бирок чыңалуу бар экени белгиленди. Ок атуулар токтогон.

Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев согдилик кесиптеши Раджоббой Ахмадзода менен кырдаалды турукташтыруу үчүн комиссия түзүшкөн.

«Анын натыйжасында Төрт-Көчө жолу ачылды. Ошондой эле коңшу өлкө Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан «Кызыл-Бел» чек ара өткөрүү жайы менен Тажикстандын «Гулистон» бекетинин аймагындагы куралдуу күчтөрүн алып чыгып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 208