• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Баткенде таң эрте россиялык альпинистти издөө иштери башталды

21 Бирдин айы 202411:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-февралда Баткенде таң эрте россиялык Г.Е. аттуу альпинистти издөө иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, ал үстүбүздөгү жылдын 12-февралында Баткен облусунун Лейлек капчыгайындагы бийиктиги 5350 метрлик “Аксу” чокусуна чыгып, акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн.

Учурда дайынсыз болуп жаткан россиялык жаранды издөөг ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адамды издөөгө россиялк 3 альпинист кошулду.

Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 126