Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар бүгүн 28-сентябрда да шаар борборуна чогулду.
Кечээ 27-сентябрда Баткен облустук администрациясынын алдында да адамдар чогулуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө түшүндүрмө сурашкан.
Акцияга Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка да айылдардын тургундары катышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу маалымат берүүсүн талап кылышкан.
25-сентябрда Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган.