• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Баткенде тыюу салынган “сасык чайыр” өсүмдүгүн саткандар кармалды

18 Баш оона 2023 10:31 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда “сасык чайыр” өсүмдүгүн чогултуу жана сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-август күнү УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруу учурунда Баткен шаарынын аймагында ак түстөгү «Тойота Эстима» унаасы кармалган. Унааны кароо учурунда салонунда жана багажында «сасык чайыр» дары өсүмдүгү аталган 12 даана көлөмүндөгү 35 литрлик идиштер табылган.

«Кармалган жүктүн жалпы салмагы 300 килограммдан ашык, көмүскө базардагы баасы 20 миң доллардан башталат. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө»,-деп жазылат маалыматта.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында сасык чайыр өсүмдүгүнүн майын чогултууга тыюу салынган.

Количество просмотров: 104