• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстанда тыюу салынган уюмдарды Башкы прокуратура жарыялады

2 Аяк оона 202421:51 Бишкек Govori.TV

КР Башкы прокуратурасы Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесин жарыялады. Маалыматта такталгандай, соттор тарабынан Кыргызстандын аймагында төмөнкү уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Алар:

  • «Аль-Каида»;
  • «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы»;
  • «Күрт элдик конгресси» («Конгра-гель»);
  • «Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму»;
  • «Хизб ут-Тахри́р аль-Ислами»;
  • «Жихад тобу» («Ислам жихадынын бирикмеси»);
  • «Түркстан ислам партиясы» (“Өзбекстан ислам кыймылы”) «Мун чиркөөсү»;
  • «Жайшуль Махди» (махдинин аскери);
  • «Джундь-Аль Халифат»;
  • «Ансаруллох» («Алланын жардамчылары»);
  • Ат-Такфир валь-хиджра»;
  • Акромия»;
  • Саид Бурятскийдин (А Тихомировдун) пропагандалык үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү;
  • “ИШИМ” – Ирак, Шам ислам мамлекети (ИГИЛ);
  • «Жабхат ан-Нусра» (жеңиш фронту);
  • «Катибат Аль-имам Аль-Бухари» (имам бухарий батальону);
  • «Жаннат Ошиклари» (бейишке умтулгандар); «Жамаат ат-таухид валь-джихад»;
  • «Йакын Инкар» тобу.
Количество просмотров: 418