• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде унаа каналга түшүп кетти (сүрөт)

9 Тогуздун айы 202012:53 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда каналга унаа түшүп кетти, бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда 8-октябрь күнү саат 17:22де Халмион айыл аймагынын Гүлдөрөмө айылында Нургазиев каналына “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин №76 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унааны суудан чыгарууга жардам беришкен.

Количество просмотров: 92