• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Баткенде унаадан өрт чыкты

14 Үчтүн айы 202210:07 Бишкек Govori.TV

Баткенде унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 08:04тө Кадамжай районунун Халмион айылындагы Баяман базарынын стоянкасында турган Портер үлгүсүндөгү авто унаа өрттөнүп жатканы кабарланган. Өрттү өчүрүүгө №76 ӨКБ тартылган. Саат 08:42 де өрт чектөөгө алынып, саат 08:47де өрт толугу менен өчүрүлдү.

Жабыр тарткандар жок.

Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 76