Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.
Интернет колдонуучулары ката баннерди талкууга алышты. Баткендин өндүрүш зонасынын долбоору түшүрүлгөн баннерде орус тилиндеги сөздөр көптөгөн каталар менен жазылган.

Баннерде «Фасадный» деп жазылып турат, бирок, бул туура эмес. Себеби, орус тилинде сөздөр «женский» жана » мужской» деп родго бөлүнөт. Андыктан «часть» деген сөздөн улам «Фасадная» болушу керек эле. Ошондой эле тариздеги каталар да бар, мисалы «Сметный» деген сөздө да ушундай эле мүчүлүштүк кеткен.

Бул баннерлер Президент Сооронбай Жээнбековдуп сапарына байланыштуу коюшкан.
Ошол эле учурда Баткендеги бийликтин расмий өкүлчүлүгү мындай абал жаралганына өкүнүп жатышканын айтышты, жана ал баннерлерди архитекторлор жасаганын белгилешүүдө.
Эске салсак, Жээнбеков расмий иш сапары менен Баткен облусуна барган.