• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Баткенде жер титиреди

14 Жетинин айы 202210:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-ноябрда саат 04:07де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган.

Количество просмотров: 82