Баткен облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөө бүгүн, 8-февралда саат 09:33тө болгон.
Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунда, Кара-Тейит айылынан 17 километр түндүк-батыш, Карамык айылынан 19 километр түндүк-батыш, Баткен шаарынан 86 километр түштүк-чыгыш, Ош шаарынан 142 километр түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.