• Жекшемби 18 Чын куран 2021

Баткенде жер титиреди

25 марта 2021 в 9:51 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-март күнү саат 20:37де жер титирөө Лейлек районунун Достук айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 46