• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенде жер титиреди

29 Теке 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 28-июль күнү саат 23:08де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Достук айылынан 6 чакырым түштүк-чыгыш, Көчө-Карын айылынан 9 чакырым түндүк-чыгыш, Баткен шаарынан 13 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү — Достук, Көчө-Карын айылдарында жана Баткен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 77