• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде жол кырсыгынан 3 адам каза болду

5 Аяк оона 202119:03 Бишкек Govori.TV

Баткенде жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, бирөө жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып сайга оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек каза болуп (аты-жөндөрү такталууда) жана 1996-жылы туулган Э.А. аттуу эркек адам жаракат алган.

Жерине ӨКМден 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 137