• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Баткенде жол кырсыгынан төрт киши каза болду

8 Бештин айы 202015:21 Бишкек Govori.TV

7-декабрь түнү болгон автокырсыктан төрт киши каза болгонун Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жол кырсыгы Баткен районунун Кара-Булак айылына жакын жерде Лесхоз участкасында болгон. Маалыматка караганда, Кара-Булак айылынын 1961-жылы туулган тургуну (Р.М.) «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаа менен Баткен шаарын көздөй бара жатып, Ош–Баткен–Исфана жолунун 214-чакырымында кырсыкка кабылып, автоунаасы ала салып кеткен.

Анын ичинде беш адам бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен төрт киши каза болуп, бир адам облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды. Абалы жакшы.

Количество просмотров: 23