• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде милициянын майору кармалды

10 Кулжа 202515:04 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы Т.К.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кармалган Т.К. А. кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системалуу түрдө опузалап алып тургандыгы аныкталган.

Баткен облусу боюнча ИИМ Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Т.К.А. кезектеги 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 244