• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткендеги жол кырсыгынан 22 адам жабыркап, бир киши каза болду

17 Тогуздун айы 2018 20:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.10.2018. Govori.TV
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анда 22 адам жабыркап, бир киши каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.  Кырсык бүгүн, 17-октябрда болжол менен саат 14:40 чамасында болгон.
Баткен районунун Ак-Татыр айылынын аймагында Ош-Исфана багыты боюнча бараткан жүргүнчүлөрдү ташуучу «Mercedes Sprinter» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Исфана-Бишкек багыты боюнча бараткан жүк ташуучу «Mercedes Sprinte» үлгүсүндөгү унаалар кырсыкка учураган. Жабыркаган жарандардан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кабар алган. Алардын бешөөнүн абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды.
Учурда кырсыктын себептери такталууда.
Булак: «Марал радиосу»
Количество просмотров: 34