• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткендиктер чек ара маселесин чечүүдө бир болууга чакырышууда

29 Үчтүн айы 2020 11:52 Бишкек Govori.TV

Баткендин жашоочулары чек ара маселесин чечүүдө бир болууга чакырышууда. Алар бул маселе боюнча Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү.

Баткен облусунун тургуну Аваз Чотбаевдин айтымында, учурда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылгандар бар, бир ал нерсе маселени чечпейт.

«Бизге тынчтык керек. Жеңиш Разаковду кызматтан алуунун кереги жок. Ал айрым бир адамдарга керектүү болууда. Аны алмаштыруу эч нерсе алып келбейт. Маселени чечүү үчүн биз бир болуубуз зарыл», — дейт Чотбаев.

Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Тилек Усупов да маселени чечүү үчүн бир пикирге келишүү керек деген ойдо.

«Маселени чечүү үчүн бир отуруп, бир келишимге келишибиз керек», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 15-январь күнү Бишкекте Баткен облусунун тургундары жана жарандык активисттер чек ара маселеси боюнча митинг өткөрүшкөн. Анда алар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Количество просмотров: 42