• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Баткендин тонолгон, өрттөлгөн, жардырылган айылдарынын абалы

20 Аяк оона 2022 10:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева соцтармактагы баракчасы аркылуу Баткен облусунуну айылдарынын азыркы абалы тууралуу маалымат берди. Ал жайгаштырган видео Баткендин Арка айылында тартылган.

Анда талкаланган, тонолгон үйлөрдү көрүүгө болот. Депутаттын айтымында айылдагы ар бир үйдун абалы ушундай.

«Бир канча күндөн бери айылдамын (Арка , Максат, Жаштык , Борбордук айылдарыбыз өтө жабыркаган)… Агрессорлор тарабынан мечитибизге абадан снаряд менен сокку урушуп, жаңы салынган мектептер, бала бакча, айыл өкмөтүбүздүн имараты ж.б. соц обьектилерди да талкалашкан. Жайкын эл жашаган үйлөргө болуп көрбөгөндөй мародёрлук жасалган. Интернет өтө начар, айылда кечээ күнү жарыктык жок, байланыш жок болуп жатты, кечке маал гана тийиштүү органдар калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, айылдарга жарыктык берилди….маселе өтө көп….айла жок, башка салганды эл менен чогуу көтөрөбуз», — де жазат Талиева.

Количество просмотров: 182