Баткен облусунун тургунунан 3 кг «гашиш» баңгизаты табылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарланды.
Жакынкы арада, ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылында жайгашкан “Сай” постунда “Опель-Зафирагос” үлгүсүндөгү авто унаа токтотулуп, кароого алынганда, арткы отургучунун төшөмөлүнү астында 1 пакет табылып, анын ичинде кара целлофанга оролгон 3 брикет жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар аныкталган.
Авто унаанын айдоочу Баткен облусунун Э., аттуу жараны болгон. Соттук-химиялык экспертизанын корунтундусуна ылайык, табылган зат 2 кг 922 граммды түзүп, “гашиш” баңгизаты болуп аныкталган.
Аталган факт, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.