• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенге 81 медик жөнөтүлгөн

3 Бугу 2021 12:13 Бишкек Govori.TV

 Баткендеги жаңжалдан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн жалпы 81 медик жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

“Баткенге Таластан 7 медкызматер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары менен Бишкек жана Ош шаарынан да медиктер кеткен. Ошондой эле министрдин өзү менен да кошо бригада жөнөгөн. Алардын жалпы саны 81”, — деди Солтонбекова.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, 35 жаран каза болду. Баткен аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн.

Количество просмотров: 84