• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баткенге коменданттык саат киргизилет

29 Жалган куран 2021 17:27 Бишкек Govori.TV

1-3-апрель күндөрү өтүүчү «Коопсуздук-2021» аталышындагы машыгууларга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда. иш-чара Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлөт. Облустагы күч структураларынын 600гө жакын кызматкерлери катышып, 100дөн ашуун ар кандай аскердик техника тартылат.

«Машыгууларга байланыштуу гана Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө облус аймагындагы ички иштер органынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми облустук милиция машыгуу мезгилинде кооптонууга негиз жок экенин белгиледи.

Количество просмотров: 711