• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенге Суворов аскердик окуу жайынын филиалын ачуу сунушталды

27 Бугу 2021 17:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 27-майдагы жыйынында Баткен облусуна өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат.

Анда сөз сүйлөгөн депутат Тазабек Икрамов Баткен окуясында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайда чыккан куралдуу кол салууда каза болгон үч жоокерге «Эл баатыры» наамын берүүнү, жарадар болгон жана аягына чейин күрөшүп турган жоокерлерге «Данк» медалын берип, колдоо керектигин айтты.

Эл өкүлү мындан сырткары Баткен облусуна Суворов атындагы аскердик окуу жайдын филиалын ачууну сунуштады.

«Баткен облусуна Суворов атындагы аскердик окуу жайын ачып берсеңиздер, өтө жакшы болмок. Ошол жердеги канчалаган жаштарыбыз окуп, келечекте элибизге, жерибизге чоң кызмат кыла турган жаштарыбыз өсүп чыкмак. Ушул маселени карап берсеңиздер, мен протоколдук тапшырма катары берет элем», — деди ал.

Количество просмотров: 147