• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Батукаевдин иши: УКМКнын мурунку төрагасы өлкөдөн качтыбы?

8 Теке 201911:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы тууралуу козголгон кылмыз ишинин алкагында тергөөчүлөр УКМКнын мурунку төрагасы Бусурманкул Табалдиевди суракка алууну көздөшкөн. Бирок, 70 жаштагы УКМКнын мурунку төрагасы азыркы мезгилде кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Табалдиев өлкөдөн Батукаевдин иши боюнча камалуулар башталганда эле чыгып кеткен.

Бусурманкул Табалдиев 2011-жылдан 2013-жылга чейин Коопсуздук Кеңешин жетектеген, УКМКнын төрагасы болуп 2013-жылы дайындалган.

Эксперттердин айтымында, Коопсуздук Кеңешинин, андан соң атайы кызматтын төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин Батукаевди мыйзамсыз абактан чыгуу ишине катыштыгы болуусу мүмкүн.

Эске салсак, 2013-жылы ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун Табалдиевге таянуу менен Батукаевдин айыккыс ооруга чалдыкканын жана өлүм алдында экенин коомчулукка жар салган эле.

Айрым маалыматтарга ылайык, Бусурманкул Табалдиев Турцияга качкан.


Количество просмотров: 13